Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 15.09.2018 22:29

Айыл турмушу: 39 жаштагы баатыр эне Ж.Надырбекова көп балалуу болуп, кыялын орундатты

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Жазгүл Надырбекова 4 кыз жана 4 уулду тарбиялап жатат. Баатыр эне менен аймактык кабарчы таанышты.

39 жаштагы Жазгүл Надырбекова Нарын районунун Шоро айылында чоңоюп, мектепти бүткөндөн кийин, тактап айтканда 18 жашында турмушка чыккан.

«Турмуш жолуна эрте аттандым. Өзүмдүн апам да баатыр эне, 7 бир туугандын улуусумун. Көп балалуу болуу менин кыялым эле. Кыялым орундалды десем жаңылбайм. Адина, Алина, Нурадил, Бекзат, Гүлзат, Дилнур, Эрбол жана Жанэл аттуу балдарды тарбиялап жатам. Кичүү кызым учурда 5 жашта. Ден соолугум жакшы, балдарым бар болгону үчүн абдан бактылуумун жана өзүмдү бай сезем.

Үйдөн апам экөөбүз шырдак жасап, аял кишиге таандык оокаттар менен алекмин. Жолдошум чарба менен алектенет. Алты балабызга жөлөк пул алабыз. Баатыр эне наамын 2016-жылы июнь айында алдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×