Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 14.09.2018 08:20 На русском

Жаш талант: 13 жаштагы Хадижа өзүнө кийим тигип, кийизден оюнчуктарды жасайт (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 13 жаштагы тургуну Хадижа Бактияр кызы 1 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш таланттын айтымында, кичинекей кезинен эле куурчактарга кийим тигип жүргөн.

«Мен 5 жашымда өзүм ойногон куурчактарыма ар түрдүү кийимдерди тикчүмүн. Бир тууган эжемдин кийизден азем белектерди жасап жатканын көрүп, мен дагы өз алдымча үйрөнө баштадым. 1 жылдан бери кийизден оюнчук, асынма баштык, чөнтөк телефон салгыч жана кагаз менен жыгачтан азем белектерди жасайм. Аларды жакындарыма белекке тартуулап берүүдөмүн. 12 жашымда сыналгыдан, интернеттен кийимди кандай бычууну, аны кол машина менен кантип тигүүнү үйрөнүп, өзүмө юбка жана кофта тиктим. Мындан тышкары 7 жашымдан бери мектепте концерттик иш-чараларда бийлеп келем. Келечекте орус тили жана математика сабагынан берген мугалим болгум келет», - деди ал.

Жаш кол өнөрчү үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Ал айылдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде 7-класста окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×