Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 15.09.2018 10:50

Жубайлар: 12 баланы өстүргөн Кален ата менен Урумкан апа 141 небере-чөбөрө, 2 кыбыралуу болушту (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын тургундары — 85 жаштагы Урумкан Ибраева менен Кален Манапбаев 67 жыл бирге жашап 12 бала, 69 небере, 72 чөбөрө, 2 кыбыралуу болушту. Алар бүгүнкү күндө эң кичүү уулунун төрүндө келиндин колунан чай ичип, сый көрүп жаткан убактары. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Урумкан Ибраева: «1933-жылы Ак-Жар айылында төрөлгөм. Атам жөнүндө билбейм, согушка кеткен боюнча келген жок. Жолдошумдун да атасы жок болуп, экөөбүз үйлөнүп алганбыз. Кайын энем аябагандай катуу адам эле, андан тарбия алдым. Жалпы 14 баланын бутун бастырып, тилин чыгардым, алардын экөө каза болуп калды. Азыр 12 бала, 69 небере, 72 чөбөрө, 2 кыбырам бар. 10 келин алдым, учурда эң кичүү уул-келинимдин колундабыз. Мурда тамак-аш тартыш болуп, жамачы кийимдерди кийчүбүз. Жакшы эле заманда жашап жатабыз, бирок элдин пейили бузулуп жатат. Мурда тартип жакшы болуп, уурулукту билчү эмеспиз. Азыр коррупция деген күч алды, уурулар көбөйдү», - деди ал.

Кален Манапбаев: «Жубайым экөөбүз мындан 67 жыл мурда баш кошконбуз. Ал убакта экөөбүз тең колхоздо иштеп, кой багып, кетмен чаптык. Союз тарап кеткенден кийин өз алдыбызча оокат кылык. Кудайга шүгүр, балдардын сыйын көрүп, чайын ичип отурабыз. 10 уул, 2 кызыбыз бар, алар бул жашоодо тапкан байлыктарыбыз. Балдардын балдарын көрүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×