Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.09.2018 16:21 На русском

Дрон менен тартылган тасма: Чатыр-Көлдүн бийиктиктен көрүнүшү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусундагы Каратал-Жапырык мамлекеттик коругундагы Чатыр-Көлдүн айланасы дрон менен тасмага түшүрүлдү. Бул тасманы мамлекеттик коруктун директору Бакыт Чороев бөлүштү.

Чатыр-Көл — Кыргызстандын эң бийиктикте жайгашкан ири көлү, деңиз деңгээлинен 3 миң 530 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу — 23 км, туурасы — 11 км, тереңдиги —16,5 метрге жетет. Аянты — 161,1 чарчы км түзөт. Узундугу 48 км болгон Көк-Айгыр суусу мөңгү жана кар суулардан куралып, Чатыр-Көлгө куят. Көлдөн суу агып чыкпайт. Муздун калыңдыгы 3 метр калыңдыкка чейин жетет. Климаты жер шартына жараша өтө катаал континенталдуу. Саз жана саздак жерлер көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан.

Суулуу-саздак жерлерди коргоо жөнүндөгү Рамсар конвенциясы – бул дүйнөнүн туруктуу өнүгүшүнүн улуттук иш-аракеттери жана эл аралык кызматташтык аркылуу суулуу-саздак жерлерди коргоо, сарамжалдуу пайдалануу максатында түзүлгөн эл аралык келишим. Суулуу-саздак жерлерди коргоо жөнүндөгү конвенция 1971-жылы Иран мамлекетинин Рамсар шаарында негизделген. Конвенция 1975-жылы күчүнө кирген, азыркы учурда аны дүйнөнүн 160 мамлекети кабыл алып, дүйнөдөгү 1926дан ашуун суулуу-саздак жерлер эл аралык Рамсар тизмесине киргизилген. Кыргызстан суулуу-саздак жерлер жөнүндөгү конвенцияны 2001-жылы ратификациялаган.

Чатыр-Көл участкасы 2005-жылы 8-ноябрда Уганда мамлекетинин борбору Кампала шаарында Рамсар конвенциясынын IX конференциясында суулуу-саздак аймактарынын тизмесине расмий түрдө киргизилген.

Чатыр-Көл антропогендик таасирлерге аз учурап, адамдын ишкердүүлүгү тарабынан өзгөрүүгө учурабагындыктан бийик тоолуу суулуу-саздак экосистеманы түзүп, потенциалдуу Рамсар жери болуп саналат.

Чатыр-Көл — жапайы канаттуулардын жашоо циклинде орчундуу мааниге ээ жана алардын көбөйүүсүнө, үйүргө топтолуусуна ыңгайлуу тынч аймак болуп саналат. Бул көлдө суулуу-саздак жерлерди мекендеген канаттуулардын 50дөн ашык түрлөрү бар. Борбордук Азияда тоо казы Чатыр-Көлдө гана көбөйүп саны канааттандырарлык абалда

Чатыр-Көл куштардын көп массада учуп келиши сезондук миграцияларында, күзүндө бул жерде миңдеген өрдөктөрдүн, каздардын алардын ичинен Түндүк Уюлду жердеген айрым канаттуулар да кездешет.

Тоо казы Индия, Пакистан мамлекеттеринде кышташат, миграциялык жолу 1000-1500 км түзөт, ал жолду алар 2-2,5 ай ичинде учуп өтүшөт. Канаттуулардын саны Чатыр-Көлдө стабилдүү, тоо казынын саны 2017-жылдын санагы менен 500 ашык баш кездешүүдө. Кийинки жылдарда кызыл китепке кирген 8 баш аккуу регулярдуу кездешүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×