Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.09.2018 10:06

Ат-Башыда 10-20 жылдыктар майрамдоонун ордуна кайрымдуулук иштерин жасашат

Turmush -  Кыргызстандын бардык аймактарында бүтүрүүчүлөр 10-20 жылдык мааракелерин шаан-шөкөт менен өткөрүп, көбүнчө каражаттарын пайдасыз иштерге жумшап келишет. Бирок акыркы жылдары кээ бир район, айылдарда 10-20-30 жылдык бүтүрүүчүлөр жолугушууларын шаан-шөкөт менен өткөрүүнүн ордуна кайрымдуулук иштерин жасашууда. Алардын катарын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 21 мектептин 1991-жылкы улан-кыздары толуктап, бүтүрүү кечелеринин форматтарын өзгөртүшүүдө. Райондун тургуну Эрлан Жыргалбек уулунун айтымында, атайын кайрымдуулук уюмун ачышкан.

«Учурда Ат-Башы району боюнча 21 мектептин окуучулары биригип, тагыраак айтканда 2009-жылкы бүтүрүүчүлөр 10 жылдык жолугушууну өзгөчө өткөргөнү жатышат. Жалпы бириксек, 500дөн ашык жигит болот экен. Арабызда биз да кошулабыз деген кыздар да аз эмес. Ар ким колунан келген акчасын чыгарып, кайрымдуулук уюм ачып жатабыз. Бул иш-чара "Беш адам бөлөк, тилек бир" деген ураан менен 10 жылдыктын алкагында өтүүдө. Азыр юридикалык жагы түзүлүп жатат. Юридикалык жактан жетекчи кылып Акай Базарбаевди шайлап алдык. Балдар болсо чогулуп, азыр базарда мектеп форма, окуу куралдарын алып жатабыз. Алгачкы жасалган иш-чарабыз – футбол мелдешин уюштурдук. Эми аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп форма, окуу курал жана азык-түлүк таратабыз. 2019-жылдын сентябрына чейин, тактап айтканда бир жыл бою 10 жылдык мааракебизди ушундай иш-чаралар менен өткөрөбүз. 10-20 жылдык жолугушуулардын форматын өзгөртүп, жакшы жакка бурууну көздөдүк.

Биздин форматта көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп форма, окуу куралдарын алып берүү, мектеп окуучулары арасында билим жана спорттук таймаштарын өткөрүү, таланттуу окуучуларга фестивалдарды уюштуруу, айылдарды көрктөндүрүү, окуучулар арасында "Рекорд" стипендиясын уюштуруу, район боюнча окуучулардын жана мугалимдердин конференцияларын өткөрүү каралган. Эң башкысы бир туристтик борбор куралы деген оюбуз бар. Аны иштете алчу адамга ижарага берип, андан түшкөн каражатты 21 мектептин балдарына стипендия уюштуруп көмөк кылалы дегенбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×