Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 21.09.2018 10:43

Нарында милиция кызматкерлери волейбол боюнча мелдешти (сүрөт)

Turmush -  Куралдуу кылмышкердин колунан курман болгон милициянын ага лейтенанты Токтобек Дүйшөнакуновдун жаркын элесине арналып милиция кызматкерлеринин арасында өткөн волейбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 9-сентябрында Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин спорт залында милиция кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Мелдешке Нарын ОИИБдин борбордук аппараты, Милициянын кайгуул-күзөт кызматы, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн жана Нарын шаардык күзөт бөлүмүнөн жалпы 9 команда катышты. Бул мелдешти Нарын ОИИБдин башчысы Улан Аалиев ачып берди. Ачылыш аземинен кийин маркумдун өмүр баяны эскерилип, арбагына багышталып куран окутулду.

Оюндун жыйынтыгында 4-орунду Кочкор РИИБ, 3-орунду Ат-Башы РИИБ, 2-орунду Милициянын кайгуул күзөт кызматы, 1-орунду Нарын ОИИБдин борбордук аппаратынын командасы алды. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, дипломдор тапшырылды.

Мындан сырткары, 3 номинация аныкталды.

Алар:

- Мыкты чабуулчу - Нарын ОИИБден Нургазы Курманбаев;

- Мыкты оюнчу - Милициянын кайгуул-күзөт кызматынан Ардак Рахатбеков;

- Мыкты коргоочу - Ат-Башы РИИБден Самат Жапарбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×