Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 28.09.2018 08:13 На русском

Айыл турмушу: Ат-Башынын тургуну Н.Султанов 4 сотых жерден 30 мүшөктөн ашык картошка алды (сүрөт)

Turmush -  Быйыл картошканын түшүмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы, деп билдирди Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Султанов. Ал жазында 4 сотых жерге картошка эгип, күздүн келиши менен түшүмүн жыйнап жатат.

Нурлан Султанов 43 жашта. Ал Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушуна 2011-жылы там куруп, ушул жерге көчүп келген. Учурда май куюучу жайда оператор-кассир жана май куюучу болуп эмгектенет. Андан сырткары үйүндөгү жерди иштетип, 4 сотых жерге картошка өстүрөт.

«Былтыркы, мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл түшүм жакшы. 4 сотых жерден 30 мүшөк картошка алдым. Жеке эле меники эмес, башка элдердики деле жакшы. Бирок баасы 7 сомдон болуп жатат. Түшүм начар дегенибиз туура эмес, убагында сугарып караса эле жакшы чыгат. Түшүмдү өзүбүз жейбиз, шаардагы туугандарга беребиз жана калганын үрөнгө коюп коебуз. Картошкадан сырткары сабиз, карагат да бар. Кышкыга жер төлөгө салып сактайбыз», - деди ал.

Нурлан Султанов үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×