Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.10.2018 10:46

Ат-Башыдагы эки айылдын жолдору асфальтталууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз жана Ак-Моюн айылдарында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районундагы №28 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Эсентур Асылбеков билдирди.

Анын айтымында, асфальт төшөөгө мамлекет тарабынан 4,5 миллион сом каражат бөлүнгөн.

«План боюнча быйылкы жылы Ак-Моюн айылындагы 2 км, Ак-Муз айылындагы 1 км аралыктагы жолго асфальт төшөлөт. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти 4,5 миллион сом бөлгөн. Аталган эки айылды Ат-Башы районундагы №28 жол тейлөө мекемеси тейлейт. Ак-Муз айылындагы жолду 2 күндүн ичинде асфальттап, Ак-Моюн айылындагы жолду жасоого өтөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×