Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.10.2018 12:18

Ат-Башыдагы өз өмүрүнө кол салган эркек киши курсагына бычак сайып, ичке ичегисин жарган

Turmush -  Нарын облусундагы Ат-Башы районунда өз өмүрүнө кол салган эркек кишиге операция жасалды. Учурда анын абалы туруктуу. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Асыранбек Адыранов билдирди.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, 1979-жылы туулган К.К. ооруканага 28-сентябрда жеткирилген. Ал Ат-Башы айылынын тургуну болгон. Асыранбек Адырановдун айтымында, аталган кишинин курсагынын сол тарабына кирген бычак ичке ичегисин жарып кеткен.

«К.К. аттуу бейтап саат 21:30да ооруканага келип түшкөн. Андан спирт ичимдиги жыттанып турду. Курсагынын сол капталына бычак менен 2 жолу сайыптыр. Биринчиси кирбей калган, экинчи жолу сайганда ичке ичегиси жарылып кеткен. Чөнтөгүндө лезвие бар экен, аны менен мойнун кесем деп, тилип алыптыр. Тезирээк операция жасоо десек, "кереги жок, өлөм" деп жатып, операцияга араң макулдугун алдык. Азыр туугандарынан эч ким келген жок. Абалы туруктуу, сүйлөп, басып жатат. Баскан-турганын көзөмөлдөп жатабыз», - деди ал.

Асыранбек Адыранов ооруканада жыл башынан бери мындай окуя биринчи жолу катталгандыгын кошумчалады.

Айрым маалыматтарга караганда, К.К. өз өмүрүнө үй-бүлөдөгү чыр-чатактардан улам кол салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×