Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.10.2018 12:35

Айыл турмушу: 27 жаштагы Аскат кыялын орундатып, эмерек жасоочу цех ачты (сүрөт)

Turmush -  27 жаштагы Аскат Күрүчбек уулу көптөн берки кыялын ишке ашырып, эмерек жасоочу чакан цех ачты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аскат Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну. Цехти ачканга чейин үйдөн ар кандай буюмдарды жасап келсе, эми иш бөлмөсү кеңейип, чоң эмеректерди жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал чакан ишканада иниси, атасы жана достору менен бирге иштеп жатат.

«Мурда үйдө майда-чүйдө буюмдарды жасачумун. Чоң эмеректерди жасайлы деп цех иштетип жатабыз. Бул жакта үй эмеректерин жасайбыз. Негизи иним экөөбүз иштеп, атам жардам берет. Мындан сырткары досторум да келип иштешет. Бизден жасалып чыккан эмеректерди көбүнчө ат-башылыктар сатып алышат. Цехтин имаратына 2 миң сом ижара төлөйбүз. Кирешеси азыр азыраак болуп жатат, кийинчерээк өзүн актайт деп ойлойбуз», - деди ал.

Уста 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×