Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 14.10.2018 23:10

Айыл турмушу: Ат-башылык фермер күнүнө 40 литр сүт берген уйларды багат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу дыйкан чарбада эмгектенген фермер Кенжебек Качкынбаев сүт багытындагы уйларды багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

35 жаштагы Кенжебек Качкынбаев Ак-Жар айылынын тургуну. Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Фермер Россиянын Новосибирск шаарынан голштино-фризская тукумундагы 10 баш уй алып келип, алардын санын жасалма уруктандыруу менен 20га жеткирди.

«Ат-Башыда сүттү иштетүүчү завод ачылып, көп өлчөмдө сүт алуу жана аны иштетүү максатында айылдын уйларын чогултканбыз. Алардан бир күндө 5 литр сүт алып жаттык. Андан кийин интернеттен карасак бул уйлар 40 литрге чейин сүт берет экен. Новосибирсктен сүт багытындагы уйларды алып келдик. Ал жак да тоолуу, суук болгондуктан биздин аймактын аба ырайына окшош болуп, уйлар бат көнүп кетсин дедик.

Ар бир уйду алып келүүгө 65 миң сомдон жумшалды. Буларды 6 айлык торпок кезинде алып келгенбиз, өзүбүз 3 ай кармап бактык. Азыр 9 айлык кунаажын болуп калды. Алардын салмагы 250-500 килограммга чейин жетет. Бешөөнөн декабрь айында биринчи жолу төл алабыз. Өзүбүздүн уйлардан айырмасы эрте жетилип, төл жана сүт берүүсү да жакшы болгонунда. Ал эми фермада жумушчу 3 үй-бүлө бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×