Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.10.2018 13:39

Ат-Башы районунда 5 ветеринардык клиника курулду (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы, Ак-Жар, Талды-Суу, Ак-Моюн жана Баш-Кайыңды айылдарында ветеринардык клиника курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагүл Тентимишов билдирди.

«Ат-Башы району мал киндиктүү болгондуктан малдын ден соолугун карашыбыз керек. Бул максатта ветеринардык клиника курууну пландаганбыз. Буга чейин Ак-Муз жана Ача-Кайыңды айылдарында ветеринардык клиника бар болчу. Эми жалпы 5 ветеринардык клиника ишке берилет», - деди ал.

Ат-Башы району боюнча 277 000 майда мал, 39 800 ири мүйүздүү мал жана 27 000 жылкы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×