Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.10.2018 15:29 На русском

Айыл турмушу: Классташ усталар унаанын тетиктеринен кийиз жасоочу станок курашты (сүрөт, видео)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 40 жаштагы — тургундары Сапарбек Орозакунов менен Алтынбек Абдыжалилов эмерек жасоочу ишкана ачып, киреше таап келишет. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Сапарбек устанын айтымында, Алтынбек Абдыжалилов экөөнүн аталары бир тууган. Өзү бала кезинен устачылык менен алектенип, кийин устакана ачып, ар кандай станокторду жасап алган.

«Атам, байке, инилерим баары эле жыгач жана темир усталар. Өзүм бала кезимден тарта кол өнөрчүлүккө кызыгып, ар кандай буюмдарды жасай берчүмүн. Кийинчерээк Бишкек шаарында эмерек жасоочу ишканада иштеп жүрдүм. Ал жактан тажрыйба топтоп, айылыма келип ишкердикти баштадым. "Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы" дегендей Алтынбек бир тууганым экөөбүз кеңешип, чогуу иштеп баштадык. Экөөбүз чогуу окуганбыз. Азыр стол, отургуч, ашкана эмереги, терезе-эшиктер өтүмдүү болуп жатат. Жаңы эле боз үйдүн эшигин жасап бүтүрдүк. Эки кабат үйдүн тепкичине буйрутма беришкен, азыр ошону жасап баштадык. Жакшы буйрутма түшкөн убактарда 1 айда 20-30 миң сомдой киреше түшөт», - деди ал.

Алтынбек Абдыжалиловдун айтымында, алдыда ишкананы кеңейтип, жумуш орундарын түзүүнү максат кылышат.

«Сапарбек менен чогуу иштеп баштаганыма 1 жылдай болду. Баштапкыга караганда азыр буйрутма бергендер арбын. Алдыда дагы көп пландарыбыз бар. Бул ишкананы кеңейтип, дагы жумушчу алып иштейли деп жатабыз»,- деди уста.

Усталар атайын станок ойлоп таап, кийиз жасашууда.

«Бул станокту Ысык-Көлгө барганда көргөм. Ошону элестетип, кошумчалап жасап чыктым. Станок кадимки эле жеңил унаанын тетиктеринен жасалган, артыкчылыгы абдан көп. Бир кийизди тээп жасоого бир нече киши керек жана кийиздин сапаты тебилишинен көз каранды. Ал эми бул станок менен убакыт үнөмдөлүп, кийиз сапаттуу болуп, 30 мүнөттө бир кийиз толук даяр болот. Жүн тыткан станок да жасаганбыз. Жүн алып келишсе, биз даяр кийиз жасап беребиз. Бир күндө эки гана кишинин жардамы менен 4 кийиз жасалат. Учурда айылдагы эжелер, апалар буйрутма берип жасатышууда», - деди Сапарбек Орозакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×