Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.10.2018 15:59

Ат-Башыда бир тонна көмүр 3 200 сомдон сатылууда

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы борбордук кампага 1000 тонна көмүр түшүрүлүп, 3 200 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун акиминин орун басары Жумагүл Тентимишов билдирди.

Анын айтымында, быйыл районго жалпы 8 000 тонна көмүр керектелет.

«Ат-Башы районунун аймагына 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүүнүн алкагында бюджеттик мекемелерге жалпы 73% көмүр тартылып бүттү. 1000 тонналык топ база ачылган. Эгерде Турук көмүр кени жабылып калса, көмүр Кара-Кечеден тартылат. Учурда көмүрдүн бир тоннасы 3200 сомдон сатылууда. Монополияга каршы агенттиктин көрсөтмөсү боюнча 1 тонна көмүрдүн баасы 3 500 сомго чейин болушу керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×