Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.10.2018 17:12 Жаңыланды: 01.10.2018 18:56 На русском

«Бала карарып, сасып кеткен»: Ат-Башыда 36 жаштагы келиндин жүрөгү операция столунда токтоп калды (видео, сүрөт)

Turmush -  17-сентябрда Ат-Башы райондук аймактык ооруканасында 36 жаштагы кош бойлуу келин каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун жакындары билдирип, анын өлүмүнө гинекология бөлүмүнүн башчысын күнөөлөп жатышат.

Алардын айтымында, 1982-жылы төрөлгөн Бааркүл Сатындиеванын 4 айлык боюнда болгон. 13-сентябрь күнү боюнан козголуп, Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнө жаткырылган. Маркумдун кайын сиңдиси Гүлнура Асанбаеванын айтымында, Бааркүл Сатындиева мектепте мугалим болуп иштечү.

«Мен Ат-Башыда турам. 13-сентябрда саат 16:00дө мектептен келгенде эле суу кетип, ооруканага барыптыр. Ошентип ооруканага кечки саат 17:00 чамасында жатты. Күнүгө эт бышырып, кечкисин тамак жеткирип жаттым. Гинекология бөлүмүндө жеңем жалгыз жаткандыктан жанында болууга аракет кылдым. Дарыгерлер ультра үндүү диагностикага тарттык, жатында суу аз экен, баспай жат деп, жаткырып коюшуптур. 16-сентябрда жеңемдин жанында түнкү саат 23:00гө чейин болдум. 17-сентябрда эртең менен гинекология бөлүмүнө барсам, саат 08:30 чамасында боюнан түшүп калыптыр. Түнү менен дене табы да көтөрүлүп чыгыптыр. Медайымдар мурунуна кислород тыгып, эч нерсе кылбай ары-бери чуркап жүрүптүр. Муруну көпкөк болуп тоңуп калыптыр. "Эмнеге дене табы көтөрүлүп жатат?" десем "азыр түшөт" деп коюшту. "Ашказаны эмне үчүн ооруп жатат?" десем, "күчтүү дары сайганбыз, ошол оорутуп жатса керек, азыр басылат"деп коюшту. Андан кийин бир дарыгер келип, "жандандыруу бөлүмүнө алып кеткиле" деди. Жеңем "барбай эле коеюнчу" десе болбой алып кетишти», - деди ал.

Бааркүл Сатындиева 17-сентябрда саат 14:00дө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

«Көрсө бала ичинен эчак эле өлүп, сепсис болуп ириңдеп кетиптир. Ошондон улам жандандыруу бөлүмүнө түшүптүр. Күүгүм кирип калганда баарыбызды чакырып, "азыр бизге 1 мүнөт да зарыл болуп турат. Жатынын алууга макулдугуңарды бергиле" дешти. Ошондой эле 25 миң сомдук дары саябыз деп айтышты. Биз жеңемди аман-эсен алып калуу үчүн баарына макул болдук. Бирок аталган дарыны да сайбай, операция да жасашпаптыр. Жатынды алабыз деп эмес, операцияга каршыбыз дедиртип кол койдуруп алышыптыр. Биз аны кийин билдик. Гинекология бөлүмүндө жеңем 4 күн жатты, бир дагы жолу ультра үндүү диагностикага түшүрүшпөптүр. Гинекология бөлүмүнүн башчысы медайымдарга дарылоо боюнча тапшырманы (назначения) телефон аркылуу бериптир. Алар болсо жеңемди ошол белгилөө менен карашыптыр. Кантип телефон аркылуу дарылайт?

Баланы жашыргыла дешти. Мен "чүпүрөк алып келейинби?" десем, "биз өзүбүз даярдап койдук" деди. Чүпүрөккө, андан кийин жылтыракка ороп, картон кутучага салып коюшуптур. Эртең менен түшкөн баланын денесин кечинде беришти», - деди ал.

Маркумдун бир тууган эжеси Бактыгүл Сатындиева: «3 бейтапты башка бөлүмгө которуп, андан кийин эле жандандыруу бөлүмүнүн эшигин бекитишти. Бүттү, ошону менен ачышкан жок. Кечке жуук болчу. Сиңдимдин каза болгонун башкы дарыгер, анын орун басары, реаниматолог-дарыгер болуп угузушту.

“Кан басымы көтөрүлүп, жаңы эле операцияга киргизсек, операция столунун үстүнөн жүрөгү токтоп калды” дешти. Биздин оюбузча, эчак эле каза болуп калып, документтерин тууралап жатышкан. Төрөт үйүндө эшик көп болгондуктан сиңдимди карап жаткан дарыгер кайсы жагынан качып кеткени белгисиз. Таппай калдык. 19-сентябрда РИИБге арыз жаздык. Бирок жетекчиси "бул арыз каралбайт" деп айтты. "Эмнеге соттук-медициналык экспертизага берген жоксуңар?" деди. Биз сөөктү экспертизага берген эмеспиз», - деди.

Маркумдун кайын атасы Курманбек Асанбаев: «Ооруканага барсам, эч кимди киргизбей жатыптыр. Кудалар болуп кирип, башкы дарыгердин орун басарына жолуктук. "Бала аябай карарып, сасып кетиптир. Жыты эмдигиче мурунумдан кетпей жатат" деди. Бажам жанымда отурган. Ал “малды да мындай карабайт, ошончолук сасып кетсе, эмнеге карабайсыңар” деп ыза болду», - деди ал.

Маркумдун кайын энеси Асыл Оморова мындан 16 жыл мурун өзүнүн кайын агасынын келини каза болуп, наристеси эмчек эмбей калганын, эми минтип өзүнүн келини да каза болгонун айтып, бөлүм башчысына нааразы болду.

Ал эми Ат-Башы аймактык ооруканасынын директору Илим Бейшеналиев күнөөлүүлөр өз жазасын тартарын айтты.

«Нарындан 2 дарыгер, акушер-гинеколог жана реаниматолог келип алып кетмек. Алып кетели деп, кагаздарын даярдап жатканда дароо кан басымы көтөрүлүп кетип, алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбой калыптыр. Бул жактан операцияга даярдап жатканда жүрөгү токтоп калыптыр. Адам каза болуп жаткандан кийин күнөөбүз жок деп айта албайбыз. Кызматкерлерибиздин күнөөсү бар. Териштирүүнүн жыйынтыгында күнөөлүүлөр аныкталат», - деди ал.

Аймактык кабарчы бөлүм башчысына кайрылганда бул окуя тууралуу пикирин билдирүүдөн баш тарткан.

Ат-Башы РИИБдин тергөөчүсү Кутман Тойбек уулу келип түшкөн арыз каралып жатканын жана дайындалган экспертизанын жыйынтыгы бир айда келип каларын билдирди.

Маркум Бааркүл Сатындиева 1982-жылы 10-майда Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. 10 бир туугандын жетинчиси болчу. Терек-Суу айылына 23 жашында келин болуп барып, Нарын мамлекеттик университетинде билим алган. Мектепте башталгыч класстарга сабак берип, 11 жыл иштеген. Анын артында 2 уул жана 1 кызы калды. Улуу баласы 7-класста, кийинкиси 6-класста окуса, кичүү кызы 6 жашта.

36 жаштагы Бааркүл Сатындиеванын сөөгү 19-сентябрь күнү жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×