Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 03.10.2018 11:20

Ат-Башыдагы Ак-Өргө конушундагы тургундар окуучулар үчүн кичи автобус уюштурууну суранышууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушундагы тургундар жергиликтүү бийликтен балдарын кышкысын мектепке жеткирип, кайра үйлөрүнө алып келген кичи автобусту каттатууну суранууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, Ак-Өргө конушунда жашаган балдар кышында катуу суукта мектепке 30 мүнөттө араң жетишет.

«Ак-Өргө конушундагы окуучулар мектепке эртең менен эрте кетишет. Кышкысын өтө эле суук болот, эртең менен абанын температурасы -40 градустан ашат. Балдар үчүн кичи автобус жүргүзүп беришсе жакшы болот эле», - деп билдиришти тургундар.

5-класстын окуучусу Жанара Таштанбекова: «Мен Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу болом. Башка мезгилдерде көп деле билинбей каалат. А, кышында мектепке жеткичекти тоңуп калабыз. Тоодон чыгуу жана түшүү оор, тайгаланабыз жана жыгылабыз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×