Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 03.10.2018 12:35 На русском

Айыл турмушу: 9 баланын атасы Т.Мамбеталиев кароолчу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багат (сүрөт)

Turmush -  53 жаштагы Таалай Мамбеталиев Ат-Башы райондук администрациясында кароолчу болуп иштеп, күндө мекеменин алдын шыпырып, тазалыкты камсыздайт. Ал жубайы экөө 9 балалуу болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Таалай Мамбеталиев 5 кыз жана 4 уулдун атасы. Ал буга чейин айдоочу, тракторист, койчу болуп эмгектенген. Маңдай тери менен тапкан акчага шүгүр кылып, чоң үй-бүлөсүн багып келет.

«Ат-Башы райондук администрациясында кароолчу болуп эмгектенем. Күндө эртең менен мекеменин алдын 3 саат шыпырып, бактарды кыркып, айтор эмне жумуш болсо баарын жасайбыз. Күзүндө, жазында, кышында жумуш көбөйөт. Мисалы, күзүндө жалбырактар көп түшкөндүктөн аларды тазалап, шыпырып турабыз. Бул жерде иштегениме 6 жыл болду. Буга чейин кой багып, 4 жыл айдоочу, 4 жыл тракторист болуп иштедим. Кароолчу болгондуктан көчөлөрдүн тазалыгына да көз салабыз. Чынында Ат-Башынын эли мурункуга караганда маданияттуу болуп калды», - деди ал.

Т.Мамбеталиевдин улуу баласы 31 жашта болсо, кичүүсү 1 жашта. Анын 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×