Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.10.2018 01:09

Айыл турмушу: Ат-башылык багбан туздуу жерге жашылча-жемиш өстүрүп, мол түшүм алды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Жыргалбек Качкынбаев туздуу жерди иштетип, жакшы түшүм алууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

60 жаштагы Жыргалбек Качкынбаев чакан чарба менен алектенгенине 5 жыл болду. Ал алгач туздуу жерге жемиштерди айдап, жыйынтыгында жакшы түшүм алууга болорун көрдү.

«Жаш кезимде бак өстүрүүгө шыктуу болчумун. Ошол кезде эле чоң бакчам бар болсо дечү элем. Убагында 30 жылдан ашык "Ат-Башы жаңылыктары" гезитинин басмаканасында иштеп пенсияга чыктым. Үйдө бош болгондуктан убактымдын көбү ушул жер иштетүү менен өтүп жатат. Мен өсүмдүк өстүргөн жер шор, туздуу экен. Өсүмдүк өсөрүн байкап көрүү максатында картошка, кызылча, кулпунай, карагат, малина, капуста, сабиз, күн карама жана башкаларды өстүрүп көрдүм. Аракет кылса берекет дегендей, туздуу жерге кык төгүп, аны иштетсе болот экен. Түшүм өзүбүздүн үй-бүлөгө кенен жетет, жада калса ашып калат. Ашканын базарга алып барып, базар баасында өткөрөбүз. Бул жерди иштетүүгө 5 жыл аракет кылдым эле, жакшы жыйынтык болду», - деди ал.

Ал үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кызы жана 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×