Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.10.2018 13:49

Бала тили — бал: Кыргызстан биздин бала бакчанын үстүндө, - 5 жаштагы Эрназар (видео, сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында жашаган 5 жаштагы Эрназар Токтобаев.

- Атың ким?

- Эрназар.

- Канча жаштасың?

- Беш. Апей, ии оба бештемин.

- Сен акылдуусуңбу же сымбаттуу баласыңбы?

- Акылдуумун.

- Акылдуу балдар кандай болот?

- Жакшы, апасына жардам берет. Коноктор келгенде жасторкон жайышат.

- Сага кандай кыздар жагат?

- Сулуу, боёнгон кыздар жагат.

- Сенин сүйгөнүң барбы?

- Жапар эженин кызы Тунук жагат.

- Чоңойгондо ким болгуң келет?

- Милиса.

- Алар эмне кылышат?

- Мастарды камайт. Мастар дүкөндөн арак ичип мас болушат.

- Үй-бүлө деген эмне?

- Чогуу жашайбыз деген.

- Мугалимдер эмне иш кылышат?

- Балдарга сабак берет.

- Депутаттарчы?

- Алар Нарындан же Бишкектен көөп акча табышат.

- Президенттер эмне кылышат?

- Алар дагы банктан көп акча табышат.

- Кыргызстан деген эмне?

- Ммм...

- Кыргызстан каякта?

- Бишкектерде, Нарында болот. Садиктин үстүндө бар.

- Бала бакчанын үстүнө эмнеге коюп койду эле?

- Билбейм. Мен Кыргызстанды сүрөткө тарткам. Сары, анан кызыл болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×