Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.10.2018 12:04

Ат-Башыда тез жардам бөлүмүнүн эски унаалары оңдолду (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда тез жардам унаалары оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун кесиптик кошуундун төрайымы, ден соолукту чыңдоо кабинетинин дарыгери Айсулуу Бейшебаева билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай өрөөнүндөгү тургундарды тейлөөгө барчу 2 унаа бузулуп калган.

«Бизде унаалар эски болгондуктан тез эле бузулат. Унаа тетиктери убагында табылбай калып жатат. Ак-Сай өрөөнүн тейлеген 2 автоунаа бар. Экөө тең директорубуздун колдоосу менен оңдолду. Элдин кызматында иштеп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×