Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.10.2018 10:59 На русском

Жаш талант: 11 жаштагы Азима комуз чертип, кол өнөрчүлүк менен алектенет (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 11 жаштагы тургуну Азима Турсунбекова кол өнөрчүлүк менен алектенип жана комуз чертип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш кол өнөрчүнүн айтымында, мектепте концерттик иш-чараларда бийлейт.

«Кичинекей кезимден бери комуз чертүүгө абдан кызыкчумун. Атам комуз алып берип, 9 жашымда мектептин ичиндеги комуз чертүү боюнча ийримге жазылып, үйрөнө баштагам. Ушул эле жылы кыргыз тили сабагын окуткан мугалим "эне жөнүндө чыгарма жазгыла" деп, ошол тапшырмадан кийин ыр жазып калдым.

2016-жылы айылыбызга чет өлкөдөн меймандар келген. Аларга улуттук аспапты чертип, күүлөрдүн түрүн тартууладым. Ошондой эле мектептеги концерттик иш-чараларда комуз чертип, ыр аткарып келем. Мектеп ичинде өткөн көркөм окуу сынагынан алдыңкы орундарга ээ болом», - деди ал.

Жаш талант кол өнөрчүлүк менен дагы алектенип келет.

«Мындан сырткары былтыркы жылдан бери кол эмгек ийримине катышып, Нуржан эжейден сайма сайганды, түймө түйгөндү жана кийизден азем буюмдарды жасоону үйрөндүм. Эмгектеримди белекке жакындарыма тартуулайм», - деди ал.

Азима үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү жана айылдагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинде 5-классынын окуучусу. Келечекте окуучуларга математика сабагын окуткан мугалим болууну кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×