Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.10.2018 16:07

«Жеңеке»: Мугалим Н.Мендебаева курбусу менен бир айылга келин болуп барган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 30 жаштагы Назира Мендебаева. Ал Түп районунун Михайловка айылында төрөлүп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде компьютердик лингвистика факультетинен жогорку билим алган.

Назира жеңе Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылында 1984-жылы туулган Улан Оморовго турмушка чыккан. Өзүнүн айтымында, ал болочок жолдошу менен студенттик кезинде таанышкан.

«Мен ал кезде 5-курста окуп жүргөн элем. Курсташым Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылына келин болгон. Анын жолдошу менен Улан классташ экен. Алар шаарга келгенде мени Улан менен тааныштырышты. Биринчи жолукканда эле бири-бирибизди жактырып калдык. 2011-жылы 5-ноябрда үйлөнүү үлпөт той өткөрдүк. Ошентип курсташым экөөбүз бир айылдын келини болдук. Жолдошторубуз классташ болгондуктан катышып турабыз. Учурда жакын курбуларданбыз.

Мен кесибим боюнча лингвист болгондуктан Ача-Кайыңды айылындагы мектепте кыргыз тил жана адабиятынан сабак берем жана катчы болуп иштейм. Жолдошум кесиби боюнча эколог, бирок учурда мал чарбачылык менен алектенет. Өтө күйүмдүү, балдарына камкор ата. Кайната жана кайненем жакшы адамдар. Дайыма кеңештерин берип турушат. Кайненем чебер аял, учурда боз үй жасап жатат. Мен ага жардам берем», - дейт ал.

Н.Мендебаева айрым сөздөр Ат-Башыда башкача айтыларын кошумчалады.

«Мен өзүм Ысык-Көлдө чоңойгондуктан биздеги айрым сөздөр Ат-Башыда башкача айтылат экен. Бир күнү кир жууюн деп кайниме «илегенди берип койчу» десем, мени карап «ал эмне?» деп таң калды. Көрсө Ат-Башыда аны таштек деп айтышат экен», - дейт ал.

Н.Мендебаева бир кыз, бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×