Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.10.2018 08:15

Жаш талант: Мушкер А.Жунусова комузда кол ойнотуп, кол өнөрчүлүк менен да алектенет (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 11 жаштагы тургуну Акылай Жунусова айылдагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинин 5-классында билим алып жатат. Ал кол өнөрчүлүк менен алектенип, комузда кол ойнотуп жана спорт менен машыгат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш таланттын айтымында, 9 жашынан тарта ийримдерге бара баштаган.

«Менин апам мектептин китепканасында иштейт. Ал мага кол эмгек ийримине барууну сунуштап, 3-классымдан бери кийизден, кагаздан түрдүү азем буюмдарды жасоону жана сайма сайып, түймө түйгөндү үйрөндүм. Жасагандарымды сатып көргөн эмесмин. Бардыгын жакындарыма белекке тартуулап келем.

Ушул эле жылдан тарта комуз ийримине катышам. Мектепте өткөн концерттик иш-чараларда жана былтыркы жылы айылыбызга Индиядан келген меймандарга комуз чертип бердим. Ошондой эле мектеп ичиндеги сынактардан тамсил айтып, жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып, роль аткарып келем. Мында сырткары 4-классымдан бери жылдан бери бокс менен машыгам», - деди ал.

Акылай үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Ал келечекте дүйнөгө белгилүү ырчы болууну кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×