Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.10.2018 08:39 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Г.Полотбаева окуучуларына тамак жасоону үйрөтүп, турмуш жолуна даярдоодо (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 51 жаштагы тургуну Гүлмира Полотбаева 29 жылдан бери айылдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде окуучуларга кол эмгек сабагынан билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, шакирттерине ден соолукка пайдалуу кеңештерди берип, тамак бышыруунун жолдорун үйрөтөт.

«1988-жылы Токмок шаарындагы Токмок өнөр жай педагогикалык техникумун аяктагам. Өзүм математикага кызыккандыктан Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетин 2004-жылы сырттан бүтүрүп, жогорку билимге ээ болдум. 1989-жылдан бери аталган айылдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде кол эмгектен сабак берип келем. Ал сабак технология сабагы деп өзгөртүлгөн.

15 жылдан бери эмгекке үйрөтүү деген ийримди жетектеп, балдарга кошумча сабак берүүдөмүн. Кыздарга кийизден, жиптен, кагаздан, кездемеден түрдүү азем буюмдарды, баалуу белектерди жасоону, чий чырмаганды, түймө түйгөндү үйрөтсөм, ал эми балдарга азык түлүктөрдүн пайдасын жана алардын сактоо мөөнөтүн карап алууну үйрөтүп келем. Ошону менен бирге алардын жаралуу тарыхын, улуттук тамак-аштарды, салат, таттууларды жана дастарконду кандай даярдоону айтып берем. Аларды турмуш жолуна даярдап жатам десем жаңылышпайм.

Ар бир жуманын алтынчы күндөрү биз тамак жасоону үйрөнсөк, жылына бирден жолу бардык тамак-аштардын жана буюмдардын түрүн жасап, мектеп ичинде сатыкка коёбуз. Тапкан акчаны окуучуларга тең бөлүп берем. Ата-энелери кубанып калышат», - деди ал.

Мугалимдин жолдошу Темирбек Жакыпов экөөнүн 3 уулу, 1 кызы жана 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×