Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.10.2018 11:04

Ат-Башыда фольклорист Ыбырайым Абдрахмановдун 130 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында манасчы Ыбырайым Абдрахманов эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Маалым болгондой, Казыбек айылында манасчы, жомокчу, акын жана этнограф, педагог Ыбырайым Абдрахмановдун 130 жылдыгы белгиленип, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. Иш-чарага тил комиссиясынан, илимдер академияларынан кызматкерлер, санжырачылар катышты.

Манасчы, жомокчу, акын, этнограф, педагог Ыбырайым Абдрахманов 1967-жылы 12-апрелде Ат-Башы районундагы Казыбек айылында ардактуу эс алууда жүрүп дүйнөдөн кайткан.

Ыбырайым Абдрахманов 1888-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз тарабындагы Чырак айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1905-жылы Караколдогу Жаңы тартип мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштеген. Улуу Октябрь революциясынын жеңиши менен эркиндик, теңдикке жеткен Ыбырайым Абдрахманов билимин өркүндөтүп, Алмата, Фрунзеде ачылган мугалимдик бөлүмдө окуган. 1939-жылы Фрунзедеги педагогикалык институтунун эки жылдык адабий факультетин бүтүргөн.

Ыбырайым Абдрахманов 1922-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыкканга чейин (1960-жылдар) чыгармачылык ишмердүүлүгүн бүтүндөй кыргыз фольклоруна, анын ичинде «Манас» эпосуна арнайт. Анын элдик мурасты жыйноого киришүүсү улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрүү менен башталган. Бул иштин демилгечиси жыйноочу-фольклорист Каюм Мифтаков болгон. Бирок ал бир аз жазып топтогондон кийин Ыбырайым Абдрахманов анын демилгесин улантып, Сагынбай Орозбак уулунун оозунан 1922-1926-жылдары «Манас» эпосунун эң көркөм вариаттарынын бири толук жазылып алынган. Ыбырайым Абдрахманов 1935-1960-жылдары Саякбай Карала уулунан «Манас» үчилтигинин бөлүктөрүнүн айрым эпизоддорун кагазга түшүргөн. Ошондой эле эпостун варианттары боюнча белгилүү эпизоддорду басмага даярдап, пропагандалоонун үстүндө иштеген. «Манас» сериялар деген ат менен Сагынбай Орозбак уулунун варианттарынан «Манастын балалык чагы» (1949), «Алооке кан» (1941), «Макел дөө» (1941), «Биринчи казат» (1944), манасчы Саякбай Карала уулунун варианттарынан «Каныкейдин жомогу» (1941), Акмат Рысменде уулунан «Үргөнч» (1941), Тоголок Молдодон «Семетейдин Букардан Таласка келиши» (1941) деген эпизоддорду түзүп, басмага даярдап китепче кылып чыгарган.

Ыбырайым Абдрахманов «Манас» эпосун жыйноочу, анын айрым эпизоддорун басмага даярдаган түзүүчү-редактор, үчилтиктин негизги варианттарын кара сөзгө айландырып жазып чыккан тажрыйбалуу фольклорист катары эле эмес эпостун мыкты айтуучу-жаратуучуларынын бири да болгон. Анын өз алдынча жогорку деңгээлдеги варианты бар. Анын айтуусундагы «Манас» бөлүгү 26456, «Семетей» 23584, «Сейтек» 7839 сап ырдан турат. Бардыгы биригип 57878 сап. «Семетей» жана «Сейтек» бөлүктөрүн 1947-1948-жылдарда, ал эми «Манас» бөлүгүн 1951-1952-жылдарда өзү жазып, Кыргыз Республикасынын Улуттук алимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×