Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.10.2018 13:07

Талкандан кандай тамак жасалат?

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Күмөндөр Тыналиев атындагы №1 бала бакчасынын башчысы Жумагүл Сөпөтаева ата-энелерге балдарына талкандан азык жасап берүүнү сунуш кылды. Ал аймактык кабарчыга талкандын пайдалуулугу жана анын жасалышы тууралуу айтып берген.

«Талкан колго жасалып, жаргылчакка тартылат. Биз бала кезибизден талкан жеп чоңойгонбуз. 3 жыл “Кыргыздын талканы балдардын тамагындагы маанилүү гүлазык” деген долбоор менен иштедик. Талкандан балдарга тамак жасап берип жаттык. Балдар жакшы ичип жатышты. Аны токтотуп койгонубуздун себеби, колго талкан жасабай калдык. Анткени кепилдик болуу үчүн талканды өзүбүз жасашыбыз керек эле.

Биринчи 100 грамм сууну кайнатып, ага 20 грамм талкан салабыз. Аны 10 мүнөт кайнатып, андан соң 200 грамм сүт кошуу керек. Андан кийин да 15 мүнөт кайнатылат. Мындан соң гана ичкенге даяр болот. Ичи көппөйт», - деди ал.

Жумагүл Сөпөтаеванын айтымында, талкандын курамында натрий, калий, кальций, магний, фосфор, темир, витамин в-12 , витамин в-2 бар.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×