Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 31.10.2018 01:00

«Жеңеке»: Айылдаштары «Маэстро» деп атаган Алиса жеңе 5 аспапта кол ойнотуп, тойлордо кызмат кылат (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 44 жаштагы тургуну Алиса Черикбаева 24 жылдан бери окуучуларга музыкалык аспаптарда ойноону үйрөтүп жана той-мааракелерде кызмат кылат. Ал аталган айылдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинин музыка мугалими болуп эмгектенип жатат.

Алиса Черикбаева эмгек жолун Бишкек шаарындагы мектептердин биринде баштаган.

«Бишкек шаарындагы Шубин атындагы музыкалык мектепте билим алдым. 2003-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч класстын мугалими адистигин бүтүргөм. Эмгек жолумду 1994-жылы Бишкек шаарындагы №38 мектеп гимназияда баштагам. Эки жыл эмгектенип, 1996-жылы турмушка чыгып, Казыбек айылынын Нааматбек Үсөналиев мектебинде музыка сабагынан мугалим болуп иштеп келе жатам. Окуучуларыма комуз, пианино, фортепиано, комуз, гитара, жалпы беш аспапта ойноону, вокал жана ноталар менен иштөөнү үйрөтөм. Окуучуларымды жыл сайын кароо-сынактарга даярдайм. Алардын арасында жаш таланттардын республикалык сынагына катышкандар да бар. Былтыр айылыбызга ачылган Ат-Башы райондук Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин филиалында да балдарга билим берем. Мектеп ичиндеги иш-чаралардын бардыгына катышып турам», - деди ал.

Алиса жеңени келин болордо кайын энеси «шаардык кыз эч нерсени билбесе кантип айылга калмак эле» деп каршы чыккан. Ал жолдошу менен Бишкек шаарында таанышкан.

«Шаарда төрөлүп өскөнүм менен айылга бат-баттан барып турчумун. Таяне-таятамдыкына жайлоого барып, кадимкидей эле жумуштарды жасап көнгөм. Уй сааганды, нан жапканды, деги эле айылдагы жумуштардын бардыгын жасай алчумун. Жолдошум кайненеме мен жөнүндө айтканда алгач "шаардык кызды эмне кыласың, уй сааганды, орус чалыш болуп оокат жасаганды жакшы билбесе" деп жүрүп, андан кийин макул болушкан. Жаңы келин болгондо кайын энем оокат жасай алабы деп карап жүрдү. Баарын көрүп-билгенден кийин ыраазы болуп калган», - деди ал.

Алиса жеңе турмушка чыккандан кийин жолдошу инсульт болуп ооруган. Мектепте мугалим, үйдө кожойке, балдарынын мээримдүү энеси, жолдошун жөлөп-таяган жароокер жубайы болууга жетишкен жеңеке жакшы ырдай турганын айтты.

«Жолдошум экөөбүз тең жакшы ырдайбыз. Эл да биз чогуу ырдап калганда суктанып турушчу. Үйлөнгөнүбүзгө 6 жыл болгондо жолдошум инсульт болуп, баспай калган. Аябай көп аракеттерди кылып, анын айыгып кетүүсү үчүн бардык күчүмдү жумшап келем. Учурда кудайга шүгүр, колдору эле жакшы кыймылга келбегени болбосо, басып-туруп калды. Жолдошум ооруп калгандан бери аялдын да, эрекектин да жумушу менин мойнума түшүп, бардыгын жасап калдым. Балдарымдын атасынын айыгып кетишине болгон аракетимди жасап жатам», - деди ал.

Чыгармачылыкка кызыккан Алиса жеңени айылдаштары «Маэстро» деп атап коюшат.

«Көптөн бери мектептен кийин тойлорго да барып ырдап, аспаптарда ойноп кызмат кылам. Ошол себептен айылда мени "Маэстро" деп атап коюшат (күлүп). Жолдошум ооруй электе чогуу концерттерге катышчубуз. Үч уулубуз бар, баары ырдап, музыкага жакын», - деди ал.

Мугалим үзүрлүү эмгегинин арты менен Билим берүү министрлигинин, райондун, облустун ардак грамоталары менен сыйланган. 2007-жылы райондук мугалимдер арасында өткөн сулуулар сынагына катышып, 2-орунга татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×