Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 21.10.2018 11:03

Жеңеке: Волейбол, кол күрөштөн ондогон медалдардын ээси болгон Назбүбү окуучуларды тамактандырганга да жетишет (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 44 жаштагы тургуну Назбүбү Чилдебаева мектепте окуп жүргөн кезде эле спорт менен алектенип, сынактарды калтырбай катышчу. Ал азыркы күнгө чейин атаандаштарынан алдыга оозуп келет.

6 жылдан бери айылдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде ашпозчунун жардамчысы болуп эмгектенип жаткан жеңеке менен аймактык кабарчы таанышты. Өзүнүн айтымында, таттууларды жасоо анын бала чагындагы кыялы болгон.

«Кичинекей кезимден эле таттууларды жана салаттарды жасоого абдан кызыгып келгем. Менин казак жеңем бар. Ал таттууларды жакшы жасайт жана аларды жасоону үйрөнүүчү китеби бар. Ошол китептин аркасы менен өзүмө жаккан ишти аркалап калдым десем жаңылышпасам керек. Ашпозчулук боюнча 2016-жылы Бишкек шаарындагы №10 кесиптик лицейде 3 ай билим алдым. 6 жылдан бери айылдагы мектепте ашпозчунун жардамчысы болуп эмгектенип келем. 1995-жылдан бери буйрутма алып, таттуулардын түрүн жана май токочторду жасап, кошумча киреше табам. 2002-жылы айылыбызга кондитердик ишкана ачып, жалгыз иштетип келгем. Бирок мектепте дагы иштегендиктен жетишпей, 2015-жылы аны жаап койдум. Буюрса алдыда ал цехти ачып, кыз-келиндерге билгенимди үйрөтөйүн деген оюм бар», - деди ал.

Ашпозчу мындан сырткары спорт менен алектенип, республикалык мелдештен алдыңкы орундарды алып келет.

«Окуучу кезимде эле спортко аябай кызыгып, волейбол, баскетбол ойноп, чуркоого катышып жүргөм. Азыркы күнгө чейин волейболду үзгүлтүксүз ойноп, 2011-жылга чейин айылдын атынан чыгып, мелдештерге катышып, облуска чейин барып келдим. Мектепке жумушка киргенден бери мектептин атынан чыгам. 2013-жылдан бери кол күрөш боюнча мелдештерге барып, республикалык деңгээлде күч сынап, 1-2-орундарды ээлеп жатам. Кол күрөш боюнча эч кандай машыкпайсың, жөн гана кара күч менен күч сынашасың. Ошондой эле 2016-жылдан бери таяк тартыштан дагы облустук сынактарга барып келдим.

Мындан тышкары бардык аялзатына тиешелүү болгон кол өнөрчүлүк менен алектенип, үйүбүздөгү бөлмөлөрдү улуттук буюмдарга толтурдум», - деп кошумчалады.

Назбүбү жеңе жолдошунун сыйчыл сапатын жактырып, ага 1993-жылы турмушка чыккан.

«Мен Казыбек айылына коңшу Кызыл-Туу айылынын кызы болом. Ал айылдан мектепти аяктап, 19 жашка толгондо жолдошум Курманбектин сыйчыл сапатын баалап, жактырып, ага турмушка чыккам. Анын кесиби айдоочу. Учурда экөөбүздүн 4 кызыбыз, 1 уулубуз жана 1 неберебиз бар.

Жаңы келин болуп башка үй-бүлөгө барган кезде бардык аялзаты кыйналып, башынан кызыктуу окуялар өтсө керек. Андай учурлар менде дагы кездешкен. Алардын бирин айтып берейин.

Жолдошум экөөбүз акча санап отурганбыз. Ал кайра-кайра акчаны санап жатканынан "Шаршенчесинен улам-улам санай бересиңби" (ошол кезде бир сөздү же бир ишти улам кайталаган адамды "Шаршенчедей улам-улам кайталап" деп айтып калчубуз) десем, ал "эмне дейсиң?" деп мага улам айттырып жаткан. Бир кезде: "Жөн койсо атамдын атын кайра-кайра айтасың да" дегенинен кайнатамдын аты Шаршенаалы экенин эстеп, уялганымдан эшикке чуркап чыккам. Ошондо атам (кайнатасы) маңдайыбызда отурган эле. Ал унчукпай күлүп койгон», - деди жеңеке.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×