Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.10.2018 09:12

Айыл турмушу: Идеяткан Абдыкапарованын эгиз кыздары өзүнүн жолун жолдоп, мугалим болду (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын 58 жаштагы тургуну Идеяткан Абдыкапарова 34 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Ал аталган айылдагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинде эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен эле мугалим болууну кыялданып жүргөн.

«Бала кезимден эле мугалимдик кесипти аябай баалап, жакшы көрчүмүн. Бул кесипти тандаганыма таежем түрткү болду десем жаңылышпайм. Ал жогоруда аталган кесиптин ээси болчу. Мектепке кире электе таежемдин классына барып, арткы партага отуруп, анын окуучуларга сабак өткөнүн көрүп, кыялга бата берчүмүн. Ошол кыялымдын арты менен 1984-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде механика жана математика мугалими адистигин алып чыктым.

Алгачкы эмгек жолумду Дыйкан айылындагы мектебинен баштап, ал жакта 3 жыл эмгектенип, Ат-Башы айылындагы азыркы Акматаалы Карыбек уулу орто мектебинде 1 жыл иштедим. 1988-жылдан азыркы күнгө чейин үзгүлтүксүз айылыбыздагы мектепте окуучуларга информатика сабагынан былтыркы жылга чейин билим берип келдим. Мектебибиздеги эң улуу муундагы мугалим мен болчумун. Азыр жаштарга орун бошотуп, иш тажрыйбам менен бөлүшүп келем. 2013-жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап жатам. Менин жолумду эгиз кыздарым Бегай менен Нурай жолдоп, азыркы тапта экөө тең Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиясында тарых мугалими болуп эмгектенип жатышат», - деди ал.

Мугалим мындан тышкары ыр кеселерге катышып, кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Жумуштан сырткары үйгө барганда башка үй кожойкелериндей эле кол өнөрчүлүк менен алектенип, курак курайм. Бирок эмгектеримди сатып көргөн эмесмин. Башкалардай эле айылда мал багуу менен алектенип, жетекчи болгуча жайкысын жайлоого чыгып, бээ саап жүрдүм. Учурда жумуш көп болуп, жайлоого чыгууга убакыт тар. Ошондой эле мектептеги ыр кеселерге жана айылдагы маданий иш-чараларга катышып келем. Жолдошум экөөбүз тууган-уруктардын тоюнда дуэт аткарып, ырдап коёбуз», - деди ал.

Ал 2002-жылы Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги жана 2008-жылы КРнын билим берүү министрлигинин отличниги төш белгилери менен сыйланган.

Жолдошу Азыкбек Көпшөков экөөнүн баш кошконуна быйыл 32 жылдын жүзү болду. Алардын 2 уул жана 4 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×