Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.10.2018 01:00

«Жеңеке»: Жаңыл жеңе жаңы келин болгондо жайлоого келген инисин ээрчип ыйлаган (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ат-Башы районунун Терек-Суу айылына келин болгон 25 жаштагы Жаңыл Таалайбек кызы. Ал чоң кайын атасын атынан атап алып, абдан жаман абалда калганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Жаңыл жеңе Нарындагы педагогикалык окуу жайда билим алган. Учурда бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенет. Ал эми жолдошу Эламан Өмүркулов 25 жашта, ал дыйкан чарбанын мүчөсү.

«Турмушка 19 жашымда чыккам. Жолдошумдун классташ кызы менин курбум болчу. Ал жолдошум экөөбүздү телефон аркылуу тааныштырып, андан кийин курбумдун үйүнө конокко келгенде жолукканбыз. Үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Ал мени дүкөнгө жетелеп барып, шоколад сатып берип, сүйүүсүн билдирген.

2012-жылы 25-майда сиңдимдин бүтүрүү кечесине келгенде жолдошум чогуу барып куттуктап, биротоло ата-энем менен таанышып, эртеси мени шаарга салмакчы болуп атамдан сурап кеткен. Эртең менен кайын эжемдер болбой, "Терек-Суу айылына конок болуп кет" деп чакырышты. Мурун эле кайын эжемдер менен таанышкам. Кайната-кайненем жайлоого чыгышчу экен. "Алар менен тааныштырабыз" деп алып барып, мени шаарга кетирбей алып калышкан», - деди ал.

Турмушка чыккандан кийин жайлоого барып, «Боз салкын» тасмасындагы Асемадай болгонун айткан жеңеке: «Эч жакка чыккан эмесмин, иним келгенде ээрчип ыйлаганым эсимде.

Айылда Өмүркул деген киши кайтыш болгон. Чоң кайын атамдыкына барсам, атам "ким кайтыш болуптур" деп сурап калды. Мен кайра-кайра эле Өмүркул деген киши дедим. Чоң кайын атамдын аты да Өмүркул. Кайнагам "азыркы келиндерде тергөө деген жок" десе эсиме келип, аябай уят болгом.

Күзүндө картошка казып жатып, жолдошум экөөбүз кортошка менен чабышып ойноп кеттик. Жолдошумду чабам деп кайнагамды картошка менен чаап алып, анда да катуу уялгам.

Жолдошум күйүмдүү, балдарын эч нерседен кем кылбаганга аракет кылат, жумушума түшүнүү менен мамиле жасайт. Үйдө ар дайым жардам берип турат. Бош убактымда балдарыма жүн байпактарды, башмактарды түйөм жана өзүм бийлегенди жакшы көргөндүктөн кызыма бий үйрөтөм. Келечекте жаш муундарга татыктуу тарбия берип, балдарыма мээримдүү эне болууну максат кылам», - деди.

Ал бир уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×