Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.10.2018 15:49 На русском

Ат-Башынын мал базарындагы баа: Таң эрте чоң жылкы 80 000 сомго сатылды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда малдын баасы өткөн жылдардагыдай эле туруктуу. Бирок быйыл чөп жакшы чыкпагандыктан мал арыгыраак. Мындай пикирди Баш-Кайыңды айылынын тургуну Алтынбек Алгожоев билдирди.

«Быйыл кургакчыл болуп, тоют жакшы болбой, мал арыгыраак. Бирок баа ошол бойдон. Өткөн жылдары деле баа ушундай болчу. Кымбаттап кетти же арзан деп айтуудан алыспыз. Быйыл малга чөптү аз даярдадык», - деди ал.

Аймактык кабарчы Ат-Башы айылындагы мал базарда малдын баасын билип көрдү.

Семиз уйлар — 45 000-50 000 сом;

Чоң уйлар — 50 000 сом;

Музоолуу уй — 42 000-45 000 сом;

Кунаажын — 35 000 сом;

Тай торпок — 20 000 сом;

Тай бука — 32 000-35 000 сом;

Чоң бука — 50 000 сом;

Козу — 3 500-4 000 сом;

Кой — 5 500-7 000 сом;

Ирик — 8 000 сом;

Борук — 5 500 сом;

Чоң семиз бээ — 80 000 сом;

Кулун — 30 000 сом;

Кулун (5 айлык) — 20 000-22 000 сом;

Үндүк — 900-1 000 сом;

Тоок — 150-350 сом;

Жылкы — 50 00-80 000 сом;

Топоз — 50 000-60 000 сом.

Бул жолку базардын эң алдыңкы малы — чоң жылкы таң эрте 80 000 сомго сатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×