Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 23.10.2018 23:16 На русском

Ат-Башыга Бишкектен барган дарыгерлер 3 аял рак оорусуна чалдыкканын аныкташты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна Бишкек шаарынан дарыгерлер келип, аялдарды текшерип жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин дарыгери жана акциянын уюштуруучусу Айсулуу Бейшебаева билдирди.

Анын айтымында, 2 айылга барууга жетишкен дарыгерлерге 2 күндүн ичинде 200гө жакын аял киши кайрылган. Анда аялдардын эрозия оорулары, жатын моюнчасынын рагы табылып, ооругандар онкология борборуна жиберилген.

«Бул акцияны Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинети "Бирге ракка каршы" коому менен биргеликте уюштуруп, Бишкектен Улуттук онкология борборунан дарыгерлер тобу келди. Ат-Башы жергеси тоолуу, алыскы район болгондуктан буга чейин алар 2 жолу келип кетишкен. Анда дагы эмчек рагын, аялдардын жатын моюнчасынын рагын жана башка көптөгөн ооруларды таап, ооругандардын андан аркы дарылоосуна чоң жардамын тийгизишкен. Кечээ күнү Калинин айылына барып келдик. Ал жерде 2 аял киши рак оорусуна чалдыкканы аныкталды. Эми алар шаарга барып дарыланышат. Бүгүн Баш-Кайыңды айылына бардык. Эми 24-25-26-октябрь күндөрү Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда болушат. Бул жерден көрүнбөй калгандар ошол жерге барышса болот, 3 күн бою акция уланат.

Кыргыздар ооругандан кийин дарыланганды жакшы көрөбүз, ооруну алдын алууга маани бербейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×