Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.10.2018 16:15

«Жеңеке»: Ак-Сайда жашаган Ш.Бапалакова калың карда калган 60 кишини бир жума бою баккан (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 36 жаштагы Ширин Бапалакова. Ал үй-бүлөлүк жашоосундагы кызыктуу окуялар, жолдошунун жоруктары тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Ширин Бапалакова 1982-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында төрөлгөн. Турмушка 18 жашында чыгып, 17 жылдан бери жолдошу экөө Ак-Сайда мал багышат.

«Турмушка чыккандан тарта Ак-Сайда жашайбыз. 10 жыл топоз багып, 7 жыл чек арадагы постто иштедик. Азыр 90 топоз өткөрүп алдык, топоз багуу оор. Ал 3 күндүк жолду басып кетип калат. Жолдошум издеп кетип, 2 күндө айдап келет. Ал келгенге чейин балдарым менен жалгыз жашайм. Бороон болуп, эртең менен турсаң кар жаап салган болот. Ак-Сайдын жашоосу оорураак, кээде кардан басканга жол жок калат. Мурдагы жылы кар аябай калың түшүп, 1 айдай айылга бара албай калдык. Ошондо чөп жеткирип келе жатып, жолдо калган 60 кишини бактым. Бир жумага 5 кг кумшекер, 1 чай, 2 чака ун жетти.

Ширин жеңе жаңы келин болгондо кайын атасына уят болгонун унутпайт.

«Келин болуп келгенде эртең менен турганда дайыма атама жүгүнүп, учурашып чыкчу элем. Бир күнү эртең менен атама жүгүнгөндү унутуп калып, дааратканага чыгып кетиптирмин. Жолдон атам экөөбүз сүзүшүп алдык. Мен кыйкырсам атам кошо кыйкырып, экөөбүз эки жакка отуруп калдык. Түшкө чейин чай бере албай уялып жүрдүм», - деди ал.

Ширин Бапалакова: «Жолдошум экөөбүз таанышып, анын эртеси күнү эле апамдар Нарынга куда тосууга кетишти. Алар келгенде эки жаш таанышсын деп көп киши үйгө киришти. Жолдошум Эркин үйлөнүү сунушун киргизип, мен атам менен сүйлөшкүчө достору менен алып кеткен эле.

Жакшы жеңе ата-энесине кайрымдуу, ыймандуу болуп, кирип-чыккан кишиге чайы жок болсо да, кабагы болушу керек. Жокту бар кылган жеңелер болот», - деди.

Ал 2 кыз жана 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×