Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.10.2018 15:25

Бала тили — бал: Чоңойгондо милиционейге тийем, - 3 жаштагы Фатима (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында жашап, ушул айылдагы «Тамчы булак» бала бакчасында тарбияланып жаткан 3 жаштагы Фатима Жолдошбек кызы.

- Атың ким?

- Фатима.

- Канча жаштасың?

- 3 (колу менен көрсөтүп).

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Чоооң Фатима болём.

- Апаң кайда иштейт?

- Үйдө иштейт.

- Сага кандай оюнчуктар жагат?

- Үйдөгүлөл жагат.

- Карышкырлар кандай болушат?

- Алал калмайт.

- Кимди кармайт?

- Мени да.

- Милициялар эмне кылышат?

- Мени калмайт.

- Эмнеге сени кармайт? Бүт эле сени кармай беришеби?

- Оба мамам деген айтты. Сени калмашат деп. Чоңойгондо милиционейге тием мени калмабасын деп.

- Акылдуу кызсыңбы же сулуубу?

- Акылдуу.

- Алар кандай болушат?

- Жашы болот.

- Мен кандай кыз экенмин?

- Акыльдуу болуп калыпсыз.

- Кыргызстан каякта?

- Шаалда.

- Сен каякта жашайсың?

- Үйдө.

- Кыргызстанда ким жашайт?

- Окуудал (окуучулар).

- Мирбек Атабеков деген ким?

- Мамам кече печене белем деген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×