Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.10.2018 21:02 На русском

Айыл турмушу: Уста Акимаалы Кадыров атасынан калган өнөрдү жалгыз уулуна үйрөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Бала кезинен атасынан үйрөнгөн өнөрдү кесипке айланткан Акимаалы Кадыров эми устачылыкты уулуна үйрөтүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Акимаалы Кадыров 1969-жылы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Анын аталары да чоң уста болгон. Бир туугандары борборго жана башка аймактарга кетип, башка кесипти тандашса, уста ата-бабасынан калган өнөрүн кесипке айландырып, эмгектенип келет. Үч баланын атасы жалгыз уулуна бул өнөрдү үйрөтүүдө. Себеби устачылыкты унутта калтырбоо керек деп эсептейт.

«Устачылык ата-бабабыздан калган өнөр. Ат такалап элдин керегине жарап, өнөрдү улантып келе жатам. Темир ысытып ийип, казык жасап, элдин суроо-талабын колубуздан келишинче аткарабыз. Аттын бутунун деле адамдардыкы сыяктуу өлчөмү болот, ага карата такалап беребиз. Эң башкысы такалап жатканда кан чыгарбоо керек. Така беш күндүк болбой, жок дегенде 1-3 айга чыдашы керек. Такалатуу аттын басыгына жараша болот. Бир аттын 4 бутун 600 сомго такалап берем, ал эми кышкысын 50 сомго кымбат болот.

Кичинекей кезимден баштап устачылыкты өздөштүрдүм. Уулумду зергерчилик боюнча окутуудамын. Буюрса өз кесибимди уулума үйрөтүп жатам. Ат такалоодо башкысы көмүрдүн сапаты жакшы болсо, ылдамыраак ысытып, ээритип чаап бүтөбүз. Бирок учурда көмүрдүн сапаты начар болуп, бат күйүп, бат өчүп калып жатат. Согуштун убагында бул кесипке талап жогору болгон. Азыр деле жакшы, нааразы эмесмин», - деди ал.

Уста үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×