Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.10.2018 13:01

Кагаздын ак жери болсо сүйүнүп, малдын каны менен жазчубуз, - 96 жаштагы Ишен Осмоналиева (сүрөт, видео)

Turmush -  Саанчы болуп иштеп, 5 баланы өстүргөн Ишен Осмоналиева 87 небере-чөбөрө, 2 кыбыралуу болду. Ишен апа учурда 96 жашта. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишен Осмоналиева 1922-жылы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Жаш кезинде саанчы болуп иштеп, айылдан сарайга ат чаптырып барып келгенин эскерди.

«Балдардын балдарын көрүп жатам, турмуш жакшы. Ар кимиси бөлүнүп кетет турбайбы. Кудайга шүгүр кыздар-балдар окуп, иштеп жатышат, сый көрүп отурам. Абышкам уйчу болсо, мен саанчы болуп иштедим. Ат менен жарышып, күлүп-жайнап ойноп жүргөн күндөрүбүз өттү. Маданий иш-чараларда короолорго барып ырдачубуз. Көп нерсени унутуп калдым, айтып берет элем.

Бала кезибиз ачарчылык учурга туш келди. Окуйлу десек шарт жок, кагаздын ак жери болсо сүйүнүп жазчубуз. Анда азыркыдай калем жок болчу, сыя куйган калемге малдын канын куюп алып жазчубуз. Кыйынчылыктарды айтып бүтпөйбүз. Ачкачылыктын айынан далай адамды жерге бердик. Эч нерсеге жетпеген заманда кепини жок өлүктөр көмүлгөн », - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×