Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.10.2018 14:27 На русском

Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында 2 көмүр кампасы ачылды

Turmush -  Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында таш көмүрдүн тоннасы 3500 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Бакытбек Байгазаков билдирди.

Анын айтымында, айыл аймактагы муниципалдык мекемелер толук таш көмүр менен камсыз болушту. Ошондой эле 2 көмүр кампасы ачылды.

«Айылда 2 таш көмүр базасы ачылды. Айыл тургундары көмүр ташыган кишилер менен макулдашып, көмүр 3500 сомдон сатылып жатат. Бир базада 60 тонна, экинчисинде 30 тонна таш көмүр турат. Көмүр Кара-Кечеден алынып келет. Айылга болжол менен 800 тоннага жакын көмүр керек», - деди ал.

Баш-Кайыңды айылында 185 түтүн, 4850 адам жашаса, Большевик айылында 232 түтүн, 1045 адам жашайт. Ал эми жалпы айыл аймактын калкынын саны 5 895 адамга жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×