Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.10.2018 15:01

«Тамга тааныбайм, эсепти таксисттер үйрөткөн»: Н.Кенебаев сүйүнчүгө алган эшеги менен гезит сатып, үй-бүлөсүн багууда

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушунун тургуну Нурбек Кенебаев көп жылдан бери гезит сатып, үй-бүлөсүн багат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурбек Кенебаев 1983-жылы Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Ал кичинекей кезинде катуу ооруп калып, мектепте билим албай калган. Кийин эсептегенди таксисттерден үйрөнүп алып, эшеги менен гезит сатып иштей баштаган.

«2 балам бар. Биринчиси 3-класска, экинчиси бала бакчага барат, 3 жашта. Ат-Башы айылындагы Ак-Өргө деген жаңы конушта жашайм. Ат-Башы базарына эшегим менен барып, гезит сатам. Кичинекей кезимде пирожки, семичке, лимонад сатчумун.

Мектепте окуган эмесмин, тамга тааныбайм. Акча санаганды таксисттер үйрөттү, алар мага жардам беришти. Элдердин баары жардам берет. Өзүм 5 бир туугандын улуусумун, кичинекей кезимде ооруп, окубай калдым. Менден кийинки бир туугандарым окуган», - деди ал.

Нурбек Кенебаев гезитти ырдап сатат.

«Гезит алгыла деп ырдап сатам. Гезиттин бир даанасын 14 сомдон алам, окурмандарга 20 сомдон сатам. Жалпы 5 блокт сатам, 3000 сом түшөт. 1 блокто 100 гезит болот. Жаңы жылда 10 блоктон сатам. Тапкан акчам 2 балама, азык-түлүккө жетет. Мындан тышкары насыя алып, малга чөп алам. Тапкан акчамдын жарымын ошол насыяга төгөм.

Окуй албай кыйналам, бирок элдер окуп беришет. Ал эми бул эшекти бир байке мен биринчи балалуу болгондо сүйүнчүлөсөм белекке берген», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×