Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.10.2018 08:00 Жаңыланды: 27.10.2018 11:30 На русском

«Жеңеке»: Таластык Жаңыл Нарынга конокко барганда турмушка чыккан (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын 28 жаштагы тургуну Жаңыл Жумашева. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда туулган. 21 жашында Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын 1990-жылы туулган тургуну Кенжебек Чалбаевге турмушка чыккан. Жолдошу Дене тарбия жана спорт академиясында билим алган. Учурда мал чарбачылыгы менен алектенет.

«Жолдошум менен курбу кызым турмушка чыгып жатканда таанышкам. Ал курбумдун жолдошунун классташы эле. Биринчи көрүшкөндө эле бири-бирибизди жактырган экенбиз. Кийин жакындан таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Кийинчерээк Нарынга болочок жолдошумдун досу Нурбек аялы Айзат экөө бизди конокко чакырышты. Биз барып, конок болдук. Кечинде төртөөбүз кыштактын четинде сүйлөшүп отурдук. Ошондо досу шакегин чечип Кенжебекке берип, аялы шакегин мага берип, «эми силер да биздей болуп баш кошкула» дешти. Ошентип эртеси күнү шаарга жөнөмөкчү болдум.

Теңтуштар болуп автобекетке бардык. Коштошуу учурунда Кенжебектин көзүнөн жаш тегеренип турду. Аны көргөн айылдагы бир байке менен жеңе «кызыңды эмнеге кетирип атасың, жакшы көрсөң алып кал да...» дешип, аны үйлөнүүгө үгүттөп башташты. Такси келип, кетели деп жатканда ал мени эшикке чакырып чыгып: «Сени азыр кетирсем экинчи кайра таппай калам. Сен мени менен турмуш курууга даярсыңбы?», - деп колумду сурады. Көпкө сүйлөштүк. Анан мен макулдугумду берип, экөөбүз баш кошууну чечтик. Ошентип, автобекеттен шаарга эмес, Ат-Башыга «Жигули» менен жолдошумдун үйүнө кеткенбиз», - дейт ал.

Жаңыл Жумашева келин болуп баргандан кийин жайлоого чыгып кетишкенин кошумчалады.

«Жаңы келин болуп баргандан кийин бир жумадан соң жайлоого чыгып кеттик. Башында мен алардын, алар менин кээ бир сөздөрүмө түшүнбөй бир аз кыйналдым. Бирок ал азыр кыйынчылыктар артта калды.

Жолдошум мээримдүү, камкор ата. Бизди эч нерседен кем кылбай бакканга аракет кылат. Бош убактымда түймө түйөм, жаңылыктарды окуйм. Жолдошум экөөбүз балдарыбызга жакшы тарбия берип, аларга үлгүлүү ата-эне болсок деп тилек кылабыз», - деди 1 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×