Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.10.2018 09:17 На русском

Сүрөт — Ат-Башы районун башкарган акимдер

Turmush -  Нарын облусундагы Ат-Башы району 1930-жылы уюшулган. Андан бери аталган районду 10 жетекчи башкарып, учурда 11-аким Жакыпбек Субагожоев жетектейт. Аймактык кабарчы районду башкарган акимдердин сүрөттөрүн топтоду.

Учурдагы аким Жакыпбек Субагожоев 1966-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында төрөлгөн. 1990-жылы Пржевальсктагы (азыркы Каракол шаары) мамлекеттик педагогикалык институтту ийгиликтүү аяктагандан кийин эмгек жолун Ат-Башы райондук №32 кесиптик-техникалык окуу жайында эсепчи-кассир болуп иштөө менен баштаган.

- 1998-2000-жылдары эл депутаттарынын Нарын облустук кеңешинде башкы адис;

- 2000-2005-жылдары Нарын райондук социалдык коргоо башкармалыгында жетекчи;

- 2005-2008-жылдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчи;

- 2010-жылдан баштап Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, 2012-жылдан тарта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси кызматтарын аркалаган;

- 2013-жылдын 26-июлунан тарта Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×