Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 29.10.2018 14:36

«Эгиздер»: Турар менен Бекенди мугалимдери гана эмес, кээде ата-энеси да айырмалай албай калышат (сүрөт)

Turmush -  Ат-башылык эгиздер Турар менен Бекен өтө окшош болгондуктан мектептен окуучулар менен мугалимдер, кээде үйүндөгүлөр айырмалай албай калышат. Эгиздер менен аймактык кабарчы таанышты.

Турар менен Бекен учурда 12 жашта. Алар Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылында турушат. Эгиздер үйдө бир туугандардын үчүнчүсү. Аталган айылдагы Токтомуш Адыранов атындагы орто мектебинде 4-класста окушат.

«Бизди мугалимдер айырмалай албай калат. Экөөбүздү чогуу отургузбай, эки бөлөк отургузушат. Мектептен достор менен кээде мушташып кетебиз. Ал убакта бири-бирибизге жардам берип турабыз. Экөөбүздүн айырмабыз — Бекендин бетинде чуңкурчасы бар. Апам ошону менен тааныйт, мени болсо үнүмдөн тааныйт. Бирөөбүздүкү жоон жана ичке болуп кетет. Мектептен жакшы окуйм, келечекте мен милиция кызматкери болгум келет. Кылмыш кылгандарды түрмөгө камайм», - деди Турар.

Бекен Исаев келечекте тиш доктур болгусу келет.

«Мен келечекте тиш доктур болгум келет. Тиши ооруп келген адамдарга жардам берип, дарылагым келет. Турар экөөбүз бири-бирибизге жардам берип, бири-бирибизди колдоп турабыз. Экөөбүз окшош кийинип алганда эч ким тааныбай, айырмалабай калышат», - деди ал.

Эгиз балдардын ысымдарын атасы койгон. Анткени, биринчи уулу төрөлгөндө анын атын Эсен деп койгон. Агасынын ысымына шайкеш келсин деп, эгиздерин Турар жана Бекен деп атаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×