Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 29.10.2018 17:13

Кадр маселеси: Ат-Башы аймактык ооруканасында 13 дарыгер жетишпейт

Turmush -  Ат-Башы аймактык ооруканасында 31 дарыгер иштеши керек, бирок учурда 18 гана дарыгер бар. Медициналык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү бул аймакка келбей жатканын аталган оорукананын директору Илим Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлердин жетишсиздиги оорукананын башкы маселеси. Азыр клиникалык ординаторлорду жумушка алып иштетүүгө мажбур. Ал эми медициналык академиянын Ат-Башыга бөлүнгөн бүтүрүүчүлөрү куру шылтоолор менен келбей жатышат. Ооруканага дарыгер болуп келгендерге тиешелүү эмгек акы төлөнүп, тамак-аш, жатакана менен камсыз болот.

20180927_133501

«Бизде азыр кадр маселеси курч болууда. 2018-жылдын июнь айында бизге 4 дарыгер — акушер-гинеколог, неанатолог, кардиолог жана балдар дарыгери бөлүнгөн. Бирок ар кандай себептер менен бизге келген жок. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдык, эми кандай чара көрүлөт белгисиз. Кыргызстандын бардык аймагында ушундай абал. Абалдан чыгуу үчүн клиникалык ординаторлорду кабыл алып, биринчиден аларды окутуп, экинчиден бизге жардам беришет. Кадр маселеси чечилбесе сапаттуу медициналык жардамды кантип көрсөтөбүз?

20181022_154101

Өзүбүздүн оорукананын 2 үйү, корообуздун ичинде 10 кишилик жатаканабыз бар. Ал жерде бардык шарттар каралган. Бирок дарыгерлер келбей жатышат. Жоопкерчиликтен качып жатышабы же алыстык себеп болуп жатабы, билбейбиз. Жалпы 18 дарыгер калды, штат боюнча 31 дарыгер иштеши керек эле. 4 жыл мурун ушул талапты койдук эле, быйыл аткарылып баштап, клиникалык ординаторлор келип жатат. Келбей койгон дарыгерлерге чара көрүү талабын коюп жатабыз. Бирок буга мыйзам жол бербейт. Мыйзамды өзгөртүү колубуздан келбей жатат. Азыр Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан, Канада, Швейцарияда талап боюнча жиберген жерине барат экен. Эгер барбаса диплому жараксыз болуп калат. Бизге бөлүнгөн дарыгерлер келсе маселе чечилет эле», - деди ал.

20180927_135438

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×