Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.10.2018 08:09

Бала тили — бал: Интернет деген шайтан, - 5 жаштагы Ибрагим

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз Ат-Башы айылынын 5 жаштагы тургуну Ибрагим Жумаев болмокчу.

«Мен кыздар менен ойнойм. Анткени кыздардын арасында 2 сүйгөнүм бар. Чоңойгондо милиция болом. Анткени ууру кылгандарды түрмөгө камайм. Мага үйдө болгон жагат. Анткени бала бакчадан уруша беришет. Апама көйнөк алып берем. «Жип» машина алып, апамды салып алып базарга алып барам. Коробкага конфет алып берип, кийим алып берем. Жаңы тарелка алып берем. Мамамды кантип сыйлайм деп көп ойлоном. «Том и жери» деген мультфильм жагат. Интернет деген шайтан. Аны көп карабаш керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×