Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.10.2018 16:16

82 жыл мурун түзүлгөн Ат-Башынын Ак-Муз айылдык ооруканасынын учурдагы абалы (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу аймактык оорукананын Ак-Муз айылындагы филиалынын жатып дарылануучу бөлүмүндө жылына 500гө жакын адам дарыланып чыгат. Ал эми оорукана өзү 1936-жылы түзүлүп, азыркыга чейин жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүп, дарылоону тынымсыз улантып келүүдө. Аталган ооруканага аймактык кабарчы барып келди.

Ак-Муз айылдык ооруканасынын жетекчиси Тынара Орозбекованын айтымында, ооруканада дарылангандардын дээрлик көбү өспүрүмдөр болот.

«Бул оорукана 1936-жылы түзүлүп, азыркы тапка чейин элдин ден соолугуна кам көрүп келет. Учурда бул ооруканада жалпы 10 адам жатып дарылана турган керебеттер бар. Алардын жетөө чоңдорго болсо, үч керебет кичинекей өспүрүмдөргө ылайыкталган.

Жылына 400-500дөй адам жатып дарыланып чыгат. Дарылангандардын дээрлик көбүнчөсү өпкөсүнө суук тийип, сасык тумоо менен ооруган өспүрүмдөр болсо, чоңдор кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү ооруп, муундарына суук тийгизип алып келишет. Алардын натыйжалуу дарыланып чыгуусуна дарыгерлер, медайымдар менен бирдикте тынымсыз иштейбиз. Бул бөлүмдө жалпы 1 дарыгер, 5 медайым, 3 кенже кызматкер эмгектенет», - деди ал.

Тынара Орозбекова: «Бул имараттын биринчи кабатында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. Ал эми экинчи кабатта биздин оорукана жайгашкан. Керектүү медициналык жабдыктар менен толугу менен камсыз болбосок дагы абдан керектүүсү менен камсыз болгонбуз. Лабораториябыз дагы бар. Мурунку жылдары экинчи кабатта суу чыкчу эмес. Ал эми азыр ичи жылуу, бир долбоордун жардамы менен ысык суу, муздак суу дагы чыгып калды. Даараткана, жуунучу жай оңдоп-түзөөдөн өткөн. Мындай шарттар башка аймактардагы айрым ооруканаларда түзүлө элек болушу мүмкүн», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×