Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.10.2018 23:32

Бала тили — бал: Атамдай болгум келет, - 5 жаштагы Бакдөөлөт (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ат-Башы районунда жашаган 5 жаштагы Бакдөөлөт Майрамбеков.

«Мен чоңойгондо солдат болом, алар кыйын болушат. Пистолетин алып, согушка барып бирөөлөргө кыйын болушат. Солдат болуу үчүн тамакты көп ичиш керек. Солдаттар жумуштарында жашашат, солдат өзү жашыл болот. Мен чоңоем, анан ата болгондо солдат болом. Атам милиция, ошону тарткым келет. Ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөм. Досторум көп, алар менен жакшы ойнойм. Кыргызстан деген желектин ортосунда сары, сырты кызыл болуп турат. Кыргызстан деген биякта», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×