Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 31.10.2018 11:01

Бала тили — бал: Мага тийишкен кыздарды жаман көрөм, - 5 жаштагы Баяман (видео)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жашаган 5 жаштагы Баяман Орозобеков.

Баяман чоңойгондо милиция кызматкери болгусу келет.

«Мамам кепка сатып иштейт, папам милиция. Милиция болом чоңойгондо, алар сонун болот. Сүйгөнүм бар, аты Алия. Ал жакшы кыз, үйү алыс жакта. Ал ойус садикте окуйт, ал менен кандай деп сүлөшөм. Мага тийишкен кыздарды жаман көрөм. Милициялар жолду тосот, анан айдоочулардан 1 сом алат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×