Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 31.10.2018 17:42

Сүрөт: Ат-Башыда кызмат учурунда каза болгон милиционер Т.Дүйшөмакуновдун айкелин тургузушту

Turmush -  Бүгүн, 31-октябрда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө кызмат учурунда курман болгон Токтобек Дүйшөмакуновдун эстелигинин ачылыш аземи болуп, кыргыз милициясынын 94 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү, милициянын майору Медина Султаналиева билдирди.

Т.Дүйшөмакуновдун айкели Ат-Башы РИИБдин өздүк курамынын күчү менен тургузулду. Эстеликти ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Аалиев ачып, алгач эстеликке гүл чамбар коюлду. Андан кийин У.Аалиев маркум Токтобек Дүйшөмакуновду эскерип, Ат-Башы РИИБдин өздүк курамын жана ардагерлерди кыргыз милициясынын 94 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ошондой эле маркум Т.Дүйшөмакуновго куран окулду.

Салтанаттуу иш-чарага милициянын ардагерлери, Ат-Башы РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Б.Сыдыкбеков жана өздүк курамы, мекеме жетекчилери катышып, куттуктоо сөздөрүн айтып, кызматкерлерге жана айрым ардагерлерге сыйлык тапшырылды. Мындан тышкары иш-чарага маркумдун жубайы жана үй-бүлөсү да катышып, ыраазычылык билдиришти. Иш-чарадан соң ардагерлерге жана келген конокторго сый тамак берилди.

Кызмат учурунда курман болгон Токтобек Дүйшөмакунов милициянын ага лейтенанты болгон. Ал 1973-жылдын 12-январында Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, ИИМдин генерал-мойор Э.Алиев атындагы академиясын 2003-жылы сырттан окуп бүтүргөн. Ички иштер органдарында 1994-жылдын март айынан тарта эмгектенип баштаган. 1994-1996-жылдары Нарын РИИБ, 1996-2000-жылдары Жумгал РИИБдин кайгуул күзөт кызматынын милиционери, 2000-2001-жылдары ошол эле бөлүмдүн ага инспектор нөөмөткери, 2001-2002-жылдары Миң-Куш айылдык милиция бөлүмүнүн паспорт бөлүмчөсүнүн башчысы, 2002-2005-жылдары ошол эле бөлүмдө ага инспектор нөөмөткери, 2005-жылдын май айынан баштап, өмүрүнүн аягына чейин Ат-Башы РИИБдин Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмүндө инспектор болуп иштеген.

2006-жылдын 2-декабрь күнү Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында К.И. классташы Ж.Ж.ны К-28 сайсыз мылтык менен атып, кылмышты жашыруу максатында ошол эле күнү милдетин аткарып жүргөн Ат-Башы РИИБдин Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүнүн участкалык испектору Токтобек Дүйшөмакуновго ок чыгарган. Ал окуя болгон жерде көз жумган. Шектүү кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, райондук сот тарабынан 2007-жылы өмүр бою күчөтүлгөн режимдеги абакка кесилген.

Кызмат учурунда көрсөткөн эрдиги үчүн Т.Дүйшөмакунов каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган. ИИМдин 2014-жылдын 16-апрелиндеги буйругунун негизинде Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүнө милициянын ага лейтенанты Т.Дүйшөмакуновдун аты берилген. Анын артында жубайы, 1 кыз жана 1 уулу калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×