Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 03.11.2018 13:41

Ат-Башыдагы жаштар окуучуларды сергек жашоого үндөшүүдө (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылындагы 1991-жылкы спортчу балдар окуучуларды сергек жашоого үндөшүүдө. Бул тууралуу уюштуруучу Улук Өмүрбеков билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар жаш курактарына жараша эки топко бөлүнүп, алыскы аралыкка чуркап, турникке тартылып, отжимания жасашкан. Активдүү катышкандарга жана жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, мактоо баракчалары тапшырылды.

«26-октябрь күнү Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин жалпы окуучу балдары чуроо, турникке тартынуу, отжимания боюнча норматив беришти. Ошондой эле бул көнүгүүлөрдү туура жасоо боюнча мастер-класс көрсөтүп бердик. Биздин максатыбыз окуучуларга туура машыгууну үйрөтүү, аларды сергек жашоого үндөө болуп саналат.

Мындан 2 ай мурун ушундай норматив тапшырышкан. Анда 1 эле 7-класстын баласы 50 жолу отжимания жасаган. "Кайрадан келебиз, даярдангыла, белектер болот" деп кызыктырып кеткенбиз. Кайра келгенде алардын саны көбөйүп калыптыр. Оюнда калыстык болсун деп, 1-класстан 7-класска чейинкилер жана 8-класстан 11-класска чейинкилер деп бөлүп өткөрдүк. Азыркы учурда сынак тапшыртып кеткенден бери ар бир бала үйүнө турник жасатып, эртең менен жана кечинде машыгып жатыптыр. Окуучулардын активдүү спортко тартылганын көрүп жатабыз. Аларды спортко шыктандырып, айылдагы спортту өнүктүрсө боло турганын өз көзүбүз менен көрдүк», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.