Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.11.2018 09:43

Ат-Башыда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратышты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы социалдык колдоого муктаж 126 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Чоробеков билдирди.

Анын айтымында, айылдык бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, 126 үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр берилди. Алардын арасында жакыр үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочулар, көп балалуу үй-бүлөлөр бар. Мындай жардам аталган үй-бүлөлөргө 3 жылдан бери берилип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×