Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 06.11.2018 15:22

Ат-Башыдагы түшүм майрамы улуттук оюндар менен коштолду (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда күзгү түшүм майрамы улуттук оюндар менен коштолду. Майрамга катышкандар арбын болуп, көрүүчүлөр бүйүр кызыткан оюндарга күбө болушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыл сайын уюштурулган түшүм майрамы бул жолу өзгөчө өттү. Себеби иш-чарага бардык айыл өкмөттөрдүн алдыңкы механизаторлору, алдыңкы түшүм алуучулар, түшүм майрамына салым кошкон жалпы кызматкерлер чакырылган.

Улуттук оюндардан кыз куумай, эр эңиш, күлүк, жорго, кунан чабыш жана кыргыз күрөш уюштурулган. Анда күлүк чабышта 20 км, жорго чабышта 14 км, кунан чабышта 10 чакырымга чейин чуркатылып, биринчи келгендерге райондук деңгээлде тиешелүү сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×